• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмазбек Атамбаев III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылды

29 Баш оона 2018 19:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди 2-сентябрда өтүүчү III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине  чакырылган. Бул тууралуу маалыматты Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясы  тастыктады.
Алардын айтуусунда, Атамбаевге чакыруу баракчасы келген. Бирок ачылыш аземине барар-барбасы азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, Атамбаев 31-августта эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоого дагы чакырылган. Андан тышкары  Роза Отунбаева жана башка дагы саясатчылар дагы чакырылды.
Эске салсак, биринчи жана экинчи оюндар 2014-жылдын жана 2016-жылы өткөрүлгөн. Оюндарынын ачылышына да ошол мезгилдин президенти Атамбаев катышкан.
Мындан тышкары, ачылыш аземине башка мамлекеттердин жетекчилери дагы катышат. Буга чейин  өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев маалымдагандай, Азербайжан, Татарстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн  жетекчилеринин  иш сапары менен келиши күтүлүүдө.

 

Количество просмотров: 35