Түркияда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 148 спортчу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине 30дай өнөр адамы да барды.
Мелдешке катышкан спортчулар көкбөрү, көкпар, алыш күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча күч сынашат.
Кыргыздын улуттук оюндарынын катарын толуктаган тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.
Кошумчалай кетсек, оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.