• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алмазбек Эргешов: «Аймактарды өнүктүрүүдө жылыш болду»

13 Жетинин айы 2018 17:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы”,-деп атаган. Ал эми бул жылдын аякташына 2 гана ай калды. Жакынкы аралыкта бул жыл да жыйынтыкталат.
Бул тууралуу региондорду өнүктүрүүдө өлкөдө кандай иш-чаралар аткарылганы тууралуу депутат Алмазбек Эргешов бул жылдын негизинде аймактарда алгылыктуу иштер аткарылып, жылыш болду деген пикирин айтты.
“Жылыш негизинен жакшы. Башка райондорду айталбайм. Мен өзүм карап жүргөн район боюнча айтсам, жолдор салынып, жаңы мектептер курулуп, бүтүп атат. Ал эми программа боюнча аймак жөнүндө долбоор түзүлүп, жакынкы жылдары кайсы жерлерге мекткп салынат, кандай ишканалар ачылыт, ошонун үстүндө иш жүрүп жатат”,- деген пикирин айтты Алмазбек Эргешов.

Количество просмотров: 30