• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Алтуханын» баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

17 Жалган куран 2021 10:19 Бишкек Govori.TV

Кримавторитет Алтынбек Ибраимовго карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май раондук сотунан кабарлашты.

Алтынбек Ибраимов үй камагы катары каралган бөгөт чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, кримавторитет январь айында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы иш-аракеттердин алкагында кармалган. Алтынбек Ибраимов кылмыш чөйрөсүндө Алтуха деген лакап ат менен белгилүү.

Количество просмотров: 300