• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең абактагы адвокат Самат Матцаковдун даттануусу боюнча сот болот

16 Бештин айы 202412:51 Бишкек Govori.TV

Адвокат Самат Матцаковдун даттануусу боюнча сот болот. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жазды.

Эртең 17-декабрда саат 10до Биринчи май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине карата даттануусу каралары белгилүү болду.

Соттук угууну судья Т. Бекенов өткөрөт.

Эске салсак, буга чейин адвокат С.Матцаков көптөгөн мыйзам бузуулар менен кармалгандыгы көп жолу жазылган.

Количество просмотров: 162