• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алты айда чет өлкөлөрдөн 297 кыргыз жаранынын сөөгү келди

9 Баш оона 2023 9:29 Бишкек Govori.TV

Быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр бир жыл ичинде чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.

2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү «Жүк-200» болуп алып келинген.

«Жүк-200» алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.

Количество просмотров: 59