АКШнын Пенсильвания штатындагы Армстронг округунда Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери айдоочулук күбөлүк берүү борборунун жанында 13 адамды кармашты. Бул тууралуу CBS News АКШнын Ички коопсуздук министрлигине таянып билдирди.
Кармоо Уэст-Киттаннинг аймагында болгон. Бардык кармалгандар имараттын сыртында, көчөдө турган учурда кармалган.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, алардын баары мыйзамсыз мигранттар деп эсептелет. Алардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар.
Маалыматка караганда, кармалгандардын бири каршылык көрсөтүп, укук коргоо кызматкерине кол салган.
Окуя болгон күнү жергиликтүү тургундардын көңүлүн борбордун жанындагы узун кезектер менен т унааларга толуп калган токтотуучу жай бурган. Күбөлөрдүн айтымында, айрым жүк ташуучу унаалардын кабинасында да көп адамдар болгон.
Жергиликтүү тургундар бул өзгөчө кырдаал тууралуу полицияга билдиришкен, андан кийин маалымат федералдык кызматтарга өткөрүлгөн. Натыйжада окуя болгон жерге ICE кызматкерлери келип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн.
Күбөлөр айрым адамдар качууга аракет кылганын да айтышкан.
Пенсильвания транспорт департаментинин өкүлү Алексис Кэмпбеллдин билдирүүсүндө, Уэст-Киттаннингдеги айдоочулук күбөлүк берүү борбору коммерциялык транспорт башкарууга уруксат алган жана туруктуу жашоосу жок адамдарга берилген лицензиялар үчүн медициналык маалымкаттарды жаңылоо менен алектенген.
АКШ бийлиги бул окуя боюнча иликтөөнү улантууда.