• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алты жашар кыз иниси жаткан бешикти өрттөп жиберди

13 Жетинин айы 20189:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018.Govori.TV.

Самаркандда алты жаштагы кыз эки айлык бөбөгү жаткан бешикти өрттөп жиберди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Өзбекстан ИИМине шилтеме жасап билдиришүүдө.

Маалыматтарга караганда, ата-эне балдарын үйдө жалгыз калтырып кеткен, кыз ширеңке менен ойноп жатып, эки айлык иниси жаткан бешикти өрттөп жиберген.
Өрт ата-энеси тарабынан өчүрүлгөн, ал эми балдар түрдүү деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жеткирилди.
Количество просмотров: 80