• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алты адамдын өмүрүн алган Аксы окуясына 16 жыл толду

17 Жалган куран 2018 12:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.03.2018.Govori.TV.
Аксы окуясына 16 жыл толду. Бул күнгө карата Аксы районунда жана Бишкек шаарында эскерүү иш-чаралары өттү. Аксы районундагы иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, президенттин аппарат жетекчи Мухамбеткалый Абылгазиев баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Ал эми Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында жарандык коом өкүлдөрү Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү үчүн чогулушат. Жарандык активист Адил Турдукуловдун “Азаттыкка” билдиришинче,иш-чарада бийликке демократияны, сөз эркиндигин сактоо боюнча чакырыктар айтылат.
2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөнгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.
Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баарына көп өтпөй эле мунапыс берилген. Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.
Количество просмотров: 33