• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Балдарын сабаган аялдын окуясы кыргызстандыктарды дүрбөттү. Депутаттар кандай мыйзам жазышы керек?

1 Бирдин айы 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-январда Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул жагдай коомдо катуу талкууга алынып, пикир жазгандардын басымдуу бөлүгү «мындай деңгээлге жетүүгө эркектердин айыбы көп»,-деген таризде жазышкан.

Аталган окуя боюнча эл өкүлдөрүнө кайрылып, жагдайдын алдын алуу үчүн кандай чара колдонулушу керек?, кандай мыйзам жазуу керек?,-деген суроо салдык.

Количество просмотров: 1966