Алтынай Нарбаевага эки бөлмөлүү баатирди ким белек кылды?
Алтынай Нарбаевага эки бөлмөлүү баатирди ким белек кылды?
25 Чын куран 201814:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.04. 2018. Govori.TV
«Республика — Ата Журт» фракциясынан депутаттыкка кандидат болгон Болот Дыйканбаев Эл артисти Алтынай Нарбаеванын концертинде эки бөлмөлүү баатир белек кылды.
«Концерттин жүрүшүндө алып баруучу Ильяз Агыбай уулу кимдир бирөөгө сөз берип жатканын айтып калды. Саханага «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутаттыкка кандидат болгон Болот Дыйканбаев чыгып чыгармачыл адамдарды сыйлаарын айтып жана мага эки бөлөлүү баатир белекке берерин айтты. Мындай чечим ага концерт учурунда келиптир. Мен үчүн бул күтүүсүз белек болду » -дейт Нарбаева.
Белгилей кетсек, Болот Дыйканбаев 2017 жылы Жогорку Кеңешке «Республика — Ата Журт» фракциясынан депутаттыкка кандидат болгон. Ал эми Алтынай Нарбаева кыргызстанда белгилүү ырчы жакында эле анан КРна эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков менен ырдаган дуети чыккан.