• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Алтын алууга кезек жаралдыбы? Улуттук банктын жообу

2 Жалган куран 2022 12:49 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева акыркы күндөрү алтын алууну каалаган жарандар арбыганын айтат.

Анын айтымында мындан улам кассанын иш убактысы узарган.

«Бир жагынан алганда баалары анча кымбат эмес, 1 граммдык, 2 граммдык алтын куймаларын алса болот. Чынында акыркы күндөрү өлчөнгөн куймаларга болгон суроо-талап өстү, кезектер да жаралды. Мындан улам биз кассанын иштөө мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алдык. Буга чейин касса саат 9:00дөн 15:00гө чейин иштесе, бул убакыт узарып эми касса 16:00 чейин иштеп жатат», — деди Карабаева.

Президент Садыр Жапаров алтын сатып алууга чакырыгынан кийин Улуттук банкта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирип, кечээ, 1-мартта «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстанда акчасы барлар, чет өлкөдөгү банктарда, үйүндө акча сактагандар көп.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргыз экономикасындагы жагдай боюнча кайрылуу жасаган. Анда чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Количество просмотров: 2042