• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Алтынбек Максүтов Маданият, маалымат жана туризм министри болобу?

12 Тогуздун айы 2018 16:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
Маданият, маалымат жана туризм министри  болуп Алтынбек Максүтов дайындалаарын айрым маалымат булактары жазып чыкты. Бул боюнча белигилүү режиссордун өзү менен  байланышканыбызда бул тууралуу  маалыматы жок экенин жана  азырынча өкмөттөн сунуш түшпөгөнүн айтты.
«Мен уккан жокмун, айрым адамдар интернетке жаза беришет эмесби? Бул тууралуу ойлогон дагы  эмесмин»-деп билдирди  мурунку Маданият министри Максүтов.
Ал эми интернет колдонуучулары Максүтовдун бул кызматка татыктуу экенин айтышып, Көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө чоң салым кошконун кошумчалашкан.
Эске салсак, маркум Султан Жумагуловдун узак оорудан улам 7- октябрдан 8не караган түнү көз жумган. Анын кызмат оорду учурда бош болчу.

Количество просмотров: 38