• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алтындарды алып, качып жүргөн аял кармалды

25 Аяк оона 202413:07 Бишкек Govori.TV

Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир ажы” борбордук базарындагы алтын саткан сатуучулар 2024-жылдын февраль, апрель айларында Н.аттуу аял алтын буюмдарын баалашып алып, акчасын бербей качып жүрөт деп арыз менен кайрылышкан. Бул тууралуу Баткен ОИИБнен билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы У.Н. аттуу тургун качып жүргөнү аныкталып, ал сатуучуларга жалпы 286 444 сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтиргендиги такталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү У.Н. Ош шаарында качып жүргөн жеринен, кармап алып келишти.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 718