• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Алтынды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган делип «Манас» аэропортунун кызматкерлери кармалды

5 Аяк оона 2023 15:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан бир нече жолу алтын буюмдарын алып чыгып жүргөн аткезчилер менен бирге «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, өлкөнүн чегинен чыгуучу кылмыштуу топторду аныктоо боюнча коррупциялык схемаларды жоюу туралуу иш-чаралар жүргүзүлүп, көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого багытталган, алтын буюмдарын Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташуу боюнча маалыматтар алынган.

2023-жылдын 3-сентябрында саат 08:40 чамасында «Манас» эл аралык аэропортунан КР жараны К.Н. менен Кыргызстандан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган учурунда жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Белгилей кетсек, аталан алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында айрым жарандар тергөө камак жайына киргизилди.

Тактап айтканда, “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 жаран кармалган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 279