• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Альянс Алтын” биринчилерден болуп Талас элине жардам берди

20 Бугу 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

“Жерүй” алтын кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” ЖЧКсынын акционерлери тарабынан Талас облусунун элине биринчилерден болуп жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова Covori.TVнын “Кыйын он-лайн” көрсөтүүсүндө билдирди.

Анын айтымында эң ири жардам “Альянс Алтындан” келген.

“Талас элине гуманитардык жардамды эң биринчилерден болуп “Альянс Алтын” берди. “Альянс Алтын” ЖЧКсынын жардамы менен ооруканаларга жабдыктар, тийиштүү каражаттар, ал эми облустук ооруканага кымбат баадагы ИВЛ-аппараты алынып келинди. Ошондой эле калкка тамак-аш жагынан да көмөк берилди. Бул үчүн “Альянс Алтын” ЖЧКсына ыраазычылыгыбызды билдирип кетебиз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, ишкана тарабынан Талас элине жалпысынан 16 миллион сомдук жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган. Жалпы каражаттын 10 миллион сомун инверторлор, ал эми 6 миллионун “Бакубат Талас” фонду берген. Ал каражаттарга Канададан вирусту 20 мүнөттүн ичинде аныктай турган тесттер, медициналык каражаттар, жабдуулар, дары-дармектер алынган. Муну менен катар эле аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, жалгыз бой карыларга, майыптыгы бар жарандарга жардам катары ун, күрүч таратылып, үйлөрүнө жеткирилген.

Мындан тышкары Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгын утурлай “Альянс Алтын” 20 ардагерге 75 миң сомдон ыйгарышкан.

Количество просмотров: 122