• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Альянс» партиясынын мүчөсү 16 миң сом менен кармалды

28 Жетинин айы 2021 1:00 Бишкек Govori.TV

Ош облустук ички иштер башкармалыгы добуш сатып алууга шек санап 26-ноябрь күнү «Альянс» партиясынын мүчөсүн кармады. Текшерүүдө анын жанынан 16 миң сом табылган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Шектүү шаардык милицияга өткөрүлгөн. 26-ноябрь күнү Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган С.К. (аял киши) аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралган. Топтолгон материалдардын негизинде С.К. 16 миң сом бергендиги аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген».

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1460