• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алымкадыр Бейшеналиев 1 айга камакка алынды

4 Кулжа 2022 21:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен 2-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Белгилей кетсек, Бейшеналиев сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берип, күнөөсүн мойнуна албастыгын билдирди. Ал кошумчалагандай, вакцинаны сатып алуу боюнча ишти ал эмес башка тийиштүү жетекчи көзөмөлдөгөн.

Ошондой эле ал Башкы прокурор Зулушевдин кызматтан убактылуу четтетилгенин туура деп баалаган.

«Сурак болду. 3-июнь күнү саат тогуздан алтыга чейин сурашты. Башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматынан четтетип туруу чечимин туура деп ойлойм»,-деди Бейшеналиев.

Эске салсак, Бейшеналиевге карата “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде иш козголгон.

Количество просмотров: 3049