• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата айтыш өтөт

7 Баш оона 2019 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган «XIII Эл аралык Айтыш 2019” акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу Республикалык “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.

“Сынакка Республиканын бардык аймактарынан акындар чакырылат.Тандоодон өткөн 8 акын Казакстандан келген 8 акын менен айтышка катышат. XIII Эл аралык “Айтыш 2019” акындар айтышына кош байге коюлат. Байге фонду 2 млн сомду түзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, иш чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 48