Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарында теле алып баруучу Алексей Филатов жерге берилди. Филатовдун сөөгү ГЭС-5 тараптагы Чыгыш айылындагы көрүстөнгө коюлду. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындарынан тышкары шоу-бизнес, маданият өкүлдөрү катышты.
Алып баруучу, шоумен Алексей Филатов таажы илдетинин кесепетинен 12-сентябрга караган түнү ооруканада көз жумду.
Ал 2003-жылдан тартып Коомдук телерадио корпорациясында «Улуттук хит-парад» көңүл ачуучу программасын алып барып баштаган. 2007-жылдан тарта «Алексей Филатовдун бий мектеби» продюсердик борборун негиздеген. 2011-2016-жылдары «Кыргызстандын жаш мисси жана мистери», «Жайдын мисси жана мистери» сынактарына катышкан. Бир нече ирет «Жылдын алып баруучусу» сыйлыктарын алган.