• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алып баруучу Алексей Филатов ооруканага түштү

9 Аяк оона 2021 11:11 Бишкек Govori.TV

Алып баруучу Алексей Филатов учурда Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Филатов коронавирус илдетине чалдыгып, жандандыруу бөлүмүндө.

«Анын ден соолугу үчүн дуба кылып койгулачы. Ал мыкты жигит. Лёша, суранам, жаша. Биз сени аябай жакшы көрөбүз», — деп жазды Молдокматова.

Белгилей кетсек, Филатов КТРКда «Улуттук хит-парад» программасынын алып баруучусу катары коомчулукка белгилүү.

Количество просмотров: 287