Алып баруучу Алексей Филатов коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Филатов бүгүн эртең менен ооруканада үзүлгөн. Ал 9-сентябрда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Белгилей кетсек, Филатов КТРКда “Улуттук хит-парад” программасынын алып баруучусу катары коомчулукка белгилүү. Ал 1-декабрда 33 жашка чыкмак.