• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо
383197

Теле алып баруучу менен кыргыз мигранттын мушташы: MTV каналынын жетекчилиги билдирүү жасады

13 Баш оона 2020 15:09 Бишкек Govori.TV

MTV-Россия телеканалы алып баруучу Артур Цветковдун айткандарын жана анын аракетин колдобойт. Бул тууралуу аталган телеканалдын жетекчиси Яна Чурикова билдирип, видео кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Цветков MTV Россия каналында 2006-жылдан бери иштебейт. Чурикова өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун “адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөзүн мисал кылып, телеканал дайым тынчтык жана урмат-сый тарапта экендигин айткан.

“Биз башында эч кандай комментарий бербей эле коюууну туура көргөнбүз. Анткени Артур Цветков 2006-жылдан тарта биздин телеканалда иштебейт. Бирок бул окуя улуттук аралык деңгээлге чейин өсүп кеткенине байланыштуу телеканалдын жана жеке позициямды айтып коюну туура көрдүм. Биринчиден чоң эле кишилер мындай чыр-чатактарды чече билиши керек. Экинчиден MTV телеканалы ар кандай рассизм, агрессияга каршы болуп келген”, – деп билдирген Чурикова.

https://www.instagram.com/p/CD0dFm8ifHF/?igshid=brlxndv2n4b3

Белгилей кетсек, 11 -августта орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков Москвадагы тез-татымдардын биринде иштеген кыргыз мигрантты сөгүп, кол көтөргөн. Чырдын чыгышына Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, жыйынтыгында мушташа кетишкен.

Окуядан кийин кыргызстандыктар соцтармактар аркылуу активдүү түрдө нааразычылыктарын билдирип, MTV-Россия каналынын расмий баракчасына дагы комментарий калтырышкан. Интернет колдонуучулар Артур Цветковду жумуштан кетирүүнү талап кылышкан. Алардын катарында, ырчы Самат Дөөлөтбаков, Ассоль Молдокматова дагы бар.

Ал эми Цветков өзү окуядан кийин дагы комментарий берип, оюнан кайтпай турганын белгилеген.

https://www.instagram.com/p/CDyNYHBK_Sr/?igshid=ph1pb3g0dcp2


Количество просмотров: 371