Москва шаарындагы кафелердин биринде иштеген кыргызстандык жаран менен MTV жана МузТВ каналдарынын алып баруучусу Артур Цветковдун (Vj Archiе) ортосунда чыр чыкты.
Жаңжал учурундагы видео социалдык түйүндөргө жарыяланды.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 11-августта болгон. Кыргызстандык мигранттын айтымында, россиялык алып баруучу кызматкерлерге орой мамиле жасап, алардын кадыр-баркына шек келтирген.
Ал эми Артур Цветков полиция кызматкерлерин чакырып, арыз жазганы белгилүү болду.