• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Амадалиева: ВИЧ илдетине кабылган балдардын келечеги ойлондурат

11 Бештин айы 202113:34 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Феруза Амадалиева.

«Кесибим боюнча мугалиммин. Ошол эле учурда шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзгөн “Жалпы иш” коомдук фондунун Ош облусундагы координаторумун. 2007-жылы Ноокат районунда балдарга массалык түрдө ВИЧ илдети тараган. Бүгүнкү күндө өзгөчө статустагы бул балдар менен иш алып барам. Көйгөйлөрү көп, алардын келечеги ойлондурат»,-деди ал.

Количество просмотров: 314