• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кошбакова: «Кыйын» айымдар менен тажрыйба алмашкым келет

11 Бештин айы 2022 12:21 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 40 жаштагы Батма Кошбакова. Бишкек шаарынан катышууда. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде доцент.

«Билим берүү тармагында 16 жылдан бери иштеп келем. Лидерлик сапатты калыптандырууну үйрөнгүм келет. Кыйын айымдар менен пикир алмашып, болочокто тренинг өткөрүү менен коомдун жашоосун жакшыртууга салым кошсом дейм»,-деди ал.

Количество просмотров: 502