18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Барчин Аманова, Бишкек шаарынан келди.
«Кесибим боюнча мугалиммин. Азыркы күндө биз «Энелер лигасынын» түзүп, 8 жылдан бери иш алып баруудабыз. Көбүнчө биз айымдар арасында волейбол турнирлерин өткөрүп келебиз. Хоббиден башталган нерсе азыркы күндө көп адамды катарына кошту. Ал жакта айымдар ден соолугун чындап, бири-бирине колдоо көрсөтүү. Кыйын тренингден лидерлик сапаттарды күчөтүп, медиада иш алып баруу ниетим», — дейт ал.