• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Амасбаева: Мыйзамсыз берилип кеткен жерди айыл өкмөттүн балансына кайтардык

8 Тогуздун айы 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Насипкүл Амасбаева.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Долон айылынан келген Намазбаева өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү учурунда мыйзамсыз берилип кеткен жерди айыл өкмөттүн балансына кайтарып беришкенин айтат.

«Депутат болгондон бери жергиликтүү кеңешке депутат болуп келүүнү каалаган айымдарга жардам берип, түшүндүрүү иштери менен алек болдум. Аларга жол көрсөттүк десем болот. Мындан тышкары депутаттык милдетимди аткарып турганда мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди кайтарып алуу ишинин үстүндө алектендим. Жана ошондой эле ачык бюджет, коомдук талкуулар сыңары иштердин үстүндө эмгектендим», — деди ал.

Количество просмотров: 150