• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Америкада жашаган балыкчылык мекендештер өз мекенине жардам беришти

28 Аяк оона 202416:00 Бишкек Govori.TV

Америка Кошмо Штаттарында жашап, иштеген балыкчылыктар Балыкчы шаарындагы мекемелерге материалдык жардам көрсөтүштү.

Алсак, алар Балыкчы шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жылуулугун борбордук жылытуу системасына кошууга 65 миң сом, С.Каралаев атындагы мектептин тарых классын капиталдык оңдоодон өтккөрүп, такта, эшик, шкаф коюп берүүгө 85 миң сом жана “Балыкчы пресс” редакциясына заманбап видеомонтаж жасоочу компьютер алып берүүгө 1000 доллар бөлүп беришкен.

Өз шаарынын өнүгүүсүнө салым кошууга умтулушкан мекендештерге терең ыраазычылык билдиребиз.

“Келечек Жаштар Ынтымак” коомдук бирикмесинин төрагасы Руслан Акашев, коомдук бирикменин мүчөлөрү Жакшылык Абдразаков жана Данил Тобокел уулу мекенинин келечеги үчүн жаш муундардын билим алуусуна, саламаттыгына жана жашоо шарттарынын жакшырышына багытталган иш-чараларга активдүү катышып келишет.

Количество просмотров: 196