• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Амирова: Лидерлик сапатты өнүктүрүү үчүн келдим

10 Бештин айы 2021 17:33 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Толгонай Амирова.

46 жаштагы Толгонай Ош шаарынан келген, даарыгер болуп эмгектенет.

«Негизги кесибимден тышкары, аялдардын коомдогу ордун өстүрүү максатында иштерди жасап, ушул багытта иш алып барып келем. Өткөн шайлоодо Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына аттангам. Тилекке каршы партиябыз шайлоодон четтеп калды. Ал эми бул тренингге саясаттагы аялдардын орду тууралуу кенен маалымат алуу үчүн келдим», — деди ал.

Количество просмотров: 449