• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Анарбекова: «Аялдын колунан келет» деген нерсени алып чыгуу керек

27 Үчтүн айы 2024 11:20 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Айзада Анарбекова Талас облусунан келген. Ал 30 жашта, учурда бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенет.

«12 жылдан бери Манас районундагы «Бакыт» бала бакчасында тарбиячы болуп иштейм. Азыркы учурда жаш муундарды, лидер айымдарды колдогондор чанда кездешет экен. Мындан улум ушул багытты алдыга алып чыгалы деген тилек менен жүрөбүз. Гендердик теңсиздик бир гана Талас облусунда эмес, баардык аймактага тийиштүү маселе. Айымдар бар, үйүндө олтуруп бир тармакты алып кеткендер, ошол эле учурда күчү жетпей жаткандар бар. Ошолорго ушул тренингден алган билимди бөлүшүп, колдоо кылуубуз керек деп ойлойм», — дейт ал.

Количество просмотров: 114