• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Анарбекова: Кыргыздын салттуу маданияты унутта калбай, жаштарга өтсө дейм

11 Бештин айы 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Венера Анарбекова.

Ал Жалал-Абад шаарынан келген, кесиби боюнча окутуучу.

«Билим берүү тармагынын орду, андагы аялдардын орду басымдуулук болгондугун жана кыргыз элинин салттык маданиятты унутта калтырбоо багытында, аны жаштарга калтырууда алгылыктуу иштердин болушун каалайт элем. Мен бул тренингге өлкөдөгү көйгөйлөр тууралуу, саясаттагы, билим тармагындагы, гендер саясатындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору барбы деген сыңары жакшы ойлорду күтүп жатам», -деди ал.

Количество просмотров: 309