• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Антимонополия агенттиги көмүрдүн кымбатташынын 3 себебин атады

11 Жетинин айы 2021 15:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-ноябрда өткөн маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков көмүрдүн кымбатташынын 3 себебин атады.

«Биринчи себеби, быйыл “Кара-Кече” көмүр кенинде кара алтынды өндүрүү бир айга кеч башталды. Экинчиси рынокто көлөмдүн аздыгы. Үчүнчүдөн суукка байланыштуу суроо-талаптын күчөшү. Ошондой эле алып сатарлар дагы кырдаалдан пайдаланып жатат»,-деди Тайлаков.

Эске салсак, буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдө көмүрдүн баасын бекитип, ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларында көмүрдүн баасынын (килограммына жана тоннасына) максималдуу деңгээли белгиленген.

Количество просмотров: 581