Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Анарбаев Анвар Арсланович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
41 жаштагы Анарбаев Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин директору болгон.