• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Аны кызматтан алуу сунушун киргизебиз». ЖКда Бишкек мэри катуу сынга алынды

14 Бештин айы 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында бир катар депутаттар Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан алуу маселесин көтөрүштү. Буга Бишкекте ыш маселесин чечүү боюнча маалымат берүүгө Эмилбек Абдыкадыровдун келбегени, кара түтүн менен күрөшүүгө чара көрбөгөнү негиз экени айтылды.

“Шаардын тазалыгы, Бишкектин жашоочуларынын ден соолугу мэрдин көзөмөлүндөгү иш. Ал кишини жыйынга чакырыш керек. Эгерде келбесе, кызмат ордун карайлы. Мэр эмне иш кылып атканын билебиз. Бишкектен жерлерди алып өзүнүн фирмаларына, жеке өзүнө курулуштарды кылып жатканын баарыбыз билебиз. Ал киши мэрликке борбордогу майлуу-сүттүү жерлерди өзүнө алыш үчүн гана келген”, — деген пикирин айтты депутат Айбек Алтынбеков.

Депутатка жооп берген вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бул маселе каралып, мэрди кызматтан алуу сунуштамасы президентке жиберилерин айтты.

Количество просмотров: 211