Эстрада ырчысы Анжелика менен жолдошу Урмат Бекболиев официалдуу түрдө ажырашты. Бүгүн, Биринчи май райондук сотунда ырчы Анжеликанын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашууга жазган арызы каралып, сот Анжелика Бекболиеванын ажырашуу тууралуу арызын канааттандырды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан Govori.TV сайтына кабарлады.
Эске салсак, буга чейин ырчы Анжелика жолдошу менен ажырашуу тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон. Бирок, кийинчерээк ырчы жолдошу жөн гана коркутуп койгусу келгенин айткан. Урмат Бекболиев менен Анжелика Бекболиева 2007-жылдан бери чогу түтүн булатып келишкен. Ортосунда 3 кыз бар.