Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын жубайы Асма ажырашууга арыз жазганын түркиялык Haberturk басылмасы өз булагына шилтеме берүү менен билдирди. Басылманын айтымында, Асма Асад Москвадагы жашоо шартын жактырбайт жана Лондонго кетүүнү каалайт.
Haberturk гезити Асаддын жубайы Москвадан кетүүгө атайын уруксат сураганын жазды.
Түрк маалымат каражаттары билдиргендей, Асадга Москвадан чыгууга тыюу салынган. Бул маалымат расмий ырасталган жок.
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Асаддын кыймылына чектөө коюлганы жана анын жубайынын аны менен ажырашуу пландары тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Башар Асад үй-бүлөсү менен декабрдын башында өлкөдө бийликти антиөкмөттүк топтор басып алгандан кийин Москвага качкан. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Асаддын качышын орусиялык чалгынчылар уюштурган. 8-декабрдын кечинде орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары Башар Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келип, башпаанек алганын кабарлашты. Бул маалыматты жакында Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады.