• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Анжеликанын күйөөсү ажырашууга макул эмес

2 Чын куран 2018 18:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.04.2018.Govori.TV
Мен жубайым менен ажырашып үй-бүлөмдүн бузулушун каалабайм. Бул туурасында ырчы Анжеликанын жолдошу Урмат Бекболиев Govori.TV сайтына билдирди.
«Экөөбүз тең бүгүн сотко барган жокпуз, адвокаттарыбыз барды. Бул чечим дагы 1 айдан кийин гана күчүнө кирет. Мен ага чейин ишти кайрадан кароо үчүн шаардык сотко кайрылам. Жубайым менен ажырашып үй-бүлөмдүн бузулушун каалабайм», — дейт Бекболиев.

Ал эми Анжелика бул боюнча өзүнүн инстаграм баракчасына: «Бир жылга жакын жолдошум экөөбүз бирге жашабай калганыбыз баарынарга маалым. Көптөгөн соттук процесстерден кийин акыры чечим чыгып мыйзамдуу негизде ажыраштык. Мындан аркы жашоо биздин жеке иш. Ажырашкан бул дүйнөдө жалгыз биз эмеспиз. Жашоо улана берет. Эң негизгиси аманчылык болсун! Өкүндүргөнү менин жеке жашоомду шоу кылып коомдо ар кандай пикир жаратканыңарда. Сураныч ар бириңер өз жашоңор менен алек болгулуңуздар!» -деп жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн 2-апрелде Govori.TV сайтына эстрада ырчысы Анжелика менен жолдошу Урмат Бекболиев официалдуу түрдө ажырашканы тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдирген.
Эске салсак, буга чейин ырчы Анжелика жолдошу менен ажырашуу тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон. Бирок, кийинчерээк ырчы жолдошу жөн гана коркутуп койгусу келгенин айткан. Урмат Бекболиев менен Анжелика Бекболиева 2007-жылдан бери чогу түтүн булатып келишкен. Ортосунда 3 кыз бар.
Количество просмотров: 98