• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Анжеликанын жарманкеси. Чаң баскан бутиги

16 Бирдин айы 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV

Алып баруучу жана ырчы Анжелика Бекболиева Валентин күнүнө карата өзүнүн кийимдерин сатып түгөтүү акциясына койуп жана ар бир сатып алуучу кайрымдуулук акциясына катыша аларын  инстаграм баракчасына жазган.

Ал акцияны “Анжелика жарманкеси” деп атап. Анда ырчы өзүнүн бренд кийимдерин сатыкка койгонун жана ар бир кийим 1000 сомдон экенин жазган.

Бул ырчынын сегизинчи жолу өткөрүп жаткан акциясы. Кийинки акцияда башка жылдыздардын да кийимдери сатыкка коюларын билдирген.

Бирок “Анжелика жарманкесине” барган кардарлар эч кандай арзандатууларды көрүшкөн эмес. Алар арзандатууга коюлган кийимдердин сапатынан эч кандай бренди көрө алышкан эмес жана бутиктин чаң басып калганы аларды таң калтырган. Бул туурасында сатып алуучу билдирген.

Ал “Бүгүн мен да кайрымдуулук акциясы дегенинен Анжеликанын бутигине баргам.Бирок, чаң баскан бутикти көрүп, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Акцияда турган кийимдерди бренд деп атоого болбойт. Болгону көп жолу кийилген кийимдер экен. Жарманкедеги кофта менен көйнөк гана  1000 сом калганы 3000 сомдон жогору экен” деп сатып алуучу соцбаракчасына жазган.

 

 

Количество просмотров: 20