• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Журналистке кол салган адамдын өздүгү такталып, кармалды

11 Кулжа 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Кайнар” ресторанынын алдынан “Kaktus.media” сайтынын кабарчысына карата күч колдонгон адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу аталган басылма Октябрь РИИБнин басма сөз кызматына таянып жазды.

«Издөө жана тактоо иштеринин жыйынтыгы менен 1988-жылы туулган Б. Ж. аттуу жаран Октябрь РИИБне алынып келинген. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» менен катталып, денесине залал келтирилгени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп айтылыт маалыматта.

Айта кетсек, жогоруда аталган ресторанда мындан эки ай мурда каза болгон Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулуп жаткан. Ал эми айрым маалыматтар боюнча Карганбек Самаковдун эжесине куран окулуп жатканы айтылды. Журналист келген кишилерди жана унааларды тартып жаткан.

Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев окуяны түз эфирде чагылдырган. Жансакчы деп айтылган адам журналистке ресторан жайгашкан аймактын тротуарынан өтүүгө да тоскоолдук кылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык адам топтолбошу керек. Бишкектеги “Кайнар” ресторанына куран окутууга 50дөн көп адам чогулган айтылып, ресторанга 13 миң сом айып салыны айтылды.

Количество просмотров: 786