• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мамкаттоо Kaktus media сайтын сотко бериши мүмкүн

6 Бештин айы 2019 17:21 Бишкек Govori.TV

Мамкаттоо кызматы Kaktus media маалымат агенттигин чындыкка дал келбеген кабар жарыялаганы үчүн сотко бериши мүмкүн. Бул тууралуу аталган мекеме расмий билдирүү таратты.

Жарыяланган билдирүүдө сайтта мекеменин эки жетекчиси тууралуу жарыяланган макала «шектүү булактарга» таянып жазылганы үчүн агенттик кечирим сурашы керек экендиги айтылат.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин негизинде Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетовдон жана анын орун басары Айнура Туйбаевадан эл алдында кечирим сурап, төгүндөөнү сайтка жарыялоону талап кылабыз. Мамкаттоонун жетекчилиги сотко кайрылышы мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Kaktus media сайтына байланышканыбызда бул маселе боюнча атайы юристтер иш алып барып жатканын айтышып, азырынча агенттик кечирим суроо тууралуу материал жарыялабай турганын билдиришти.

Эске салсак, Kaktus media сайты 4-декабрда «редакциянын булактары ал машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов экенин айтып жатышат. Ал эми жанында отурган келинди анын орун басары Айнура Туйбаева деп таанышты» деп жазган. Ал эми Мамкаттоонун жетекчилиги Интернетте тарап жаткан сүрөттөрдүн чын-төгүнүн жана аларды жайылтуу максатын аныкташ үчүн мекеме аралык комиссия түзүп, териштиргени жатат.

Количество просмотров: 25