• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаевдин бетин Бакиев да ачты. “ВБ” гезити Kaktus.mediaдан 50 миллион талап кылууда

28 Бирдин айы 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

БАКИЕВ ДУБАЙДАГЫ ЖОЛУГУШУУ БОЮНЧА ҮН КАТТЫ

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын буга чейинки башчыларынын Дубайдагы жолугушуусу тууралуу NazarNews басылмасына маек куруп, мындай форматтагы жолугушуу ал үчүн эле эмес, бардыгы үчүн күтүүсүз болгонун, бул баргандардын биринчи реакциясынан эле байкалып турганын айтты.  Бакиев маегинде демилгени оң баалаганын, жолугушуу тынч өткөнүн, баары аягына чейин отурганын, Садыр Жапаровдун жеке кызыкчылыгы болбогонун белгилеген.

“Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт”,- деген Бакиев. Ошондой эле ала маекте 2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы адам өлүмүнө алып келген окуялар боюнча күнөөсү такыр жоктугун айтып, «тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айтканмын” деп билдирген.

Белгилей кетсек, 18-февралда Садыр Жапаров мурдагы президенттерди Дубай бир дасторконго чогултканын, алар бири-бирин кечиришкенин жазган. Бул маалымат коомдо талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун мындай кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сынга алгандар да болгон. Ал эми президент мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн.

УЛУТТУК БАНК МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН КУРДУ

Улуттук банктын карамагында 46,7 тонна алтын бар. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук банктын өкүлдөрү өлкөдөгү валюта рыногу, эсептик чен тууралуу акыркы абал боюнча маалымат беришти. Анда Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алынганы, чечим 28-февралда күчүнө киргени айтылды. Улуттук банктын өкүлү быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары 2,8% жогорулап, жылдык инфляция 15,9% түзгөнүн айтып, «инфляциялык фон салыштырмалуу орточо» деңгээлде турганын кошумчалады.

КЕМПИР-АБАД ИШИ

«Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отурган активист Ильгиз Шаменовдун саламаттыгынын абалы менен өлкөнүн Акыйкатчылыгы таанышып келди. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, камактагы активисттерди ден соолугу абдан начарлаганга чейин камоо, жалпы жарандык мед. мекемеге же жеке бейтапканага жаткырылгандарына каршылык көрсөтүү — бул адамгерчиликсиз мамиле, кыйноого барабар.

Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле иш боюнча камакта жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, аны ооруканага жаткыруу зарыл экендигин анын жактоочусу кабарлаган эле. Жактоочу абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен, анын өнөкөт оорулары козголуп жатканын айткан.

Бул арада Кемпир-Абад иши менен камакка алынган активист Эрлан Бекчоро уулу абактан кат жазып Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылып, аны соттук отурумга катышууга чакырды.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

“КАКТУС” МЕНЕН “ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕКТИН” СОТУ ӨТТҮ

Бүгүн, 28-февралда “Вечерний Бишкек” басылмасынын Kaktus.media сайтынын үстүнөн жазган арызы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Отурумга судья Жылдыз Сайдылдаева төрагалык кылууда.

Маалым болгондой, басылманы сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон. Басылмага карата коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзөт. Анын 25 млн сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана мекеменин негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынууда. Калган 25 миллионду басылманын өзүнөн өндүрүү талабы айтылган.

Жабык акционердик коом макалада басылма жабылары жана банкротко учураганы тууралуу

Ал эми адвокат Акмат Алагушев төмөндөгүлөрдү билдирди.

Эске салсак, «Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.mediaнын сайтында

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНЫН АБАЛЫ

Коргоо министрлиги бүгүнкү күндө кыргыз армиясында “дедовщина” деген көрүнүш жок деп эсептейт. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөнүн коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Белгилей кетсек, аскер кызматын өтөп жатып каза болгондор Кыргызстанда жыл сайын катталып келет. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, алар “дедовщинанын” курмандыгы болгонун айтып келишет.

ЖОЛ КЫРСЫКТА 2 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Бишкектеги жол кырсыгынан эки адам каза болуп, бешөө жабыркаган. Маалыматка ылайык кырсык 27-февралда болгон.

“Бишкек шаарынын Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен Honda Stream унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен Honda Stream унаасынын айдоочусу жеринде каза болуп, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада көз жумган. Калган жабырлануучулар ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 5390