• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Миллиондук доо. Жогорку Сотто «Вечерний Бишкектин» Kaktus.mediaнын үстүнөн жазган арызы каралды

9 Жетинин айы 2023 12:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда “Вечерний Бишкек” басылмасынын Kaktus.media сайтынын үстүнөн жазган арызы Жогорку Сотто каралды.

Иш кайра жандандырылып, кийинки отурум эртең саат 9:00го белгиленди.

Маалым болгондой, сайтты сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон. Коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзөт.

Анын 25 млн сому журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана мекеменин негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынууда. Калган 25 миллионду басылманын өзүнөн өндүрүү талабы айтылган.

Жабык акционердик коом макалада басылма жабылары жана банкротко учураганы тууралуу туура эмес маалыматтар берилген деп эсептейт.

23-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media маалымат сайтына каршы доо арызы боюнча чечим чыгарып, 1 миллион сом төлөөгө милдеттендирген.

4-сентябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Эске салсак, «Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.mediaнын сайтында 2022-жылы 29-декабрда чыккан.

Количество просмотров: 93