• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Анжеликанын орунсуз тамашасы

2 Чын куран 201919:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

Кечээ, 1-апрелде интернет баракчасынан коомчулукка жылмаюу тартуулагысы келген ырчы Анжелика Кайратова элге тамаша маалымат таратты.

Ал кечээ инстаграм баракчасына жүктөгөн сүрөтүнө колуна букет кармап, жаңы шакек тагынып: “Ар кимдин бактылуу болууга укуктуубу?”-деп суроо салып “Мен ооба дедимби же жок дедимби?” деген сурамжылоосун жайгаштырган.

Анжелика пошутила, что ей предложили руку и сердце

Инстаграмдын катталуучуларынын көбү Анжеликанын колун сураган кайсы мырза деп боможолдошуп, ар кандай пикирлерин жазышты, ошого катар эле сурамжылоонун жыйынтыгы “Ооба” деген пикирге көбүрөөк басым жасалган.

Ал эми кайра бүгүн эле кечээ 1-апрелде окурмандарын, күйөрмандарын тамашага салганын кабарлап: “Бакыт каалагандарга рахмат. 1-апрель. Тамашага түшкөн курбуларым тоюма көйнөк карап башташыптыр. Менин бактым – менин кыздарым”,- деп жазды.

Анжелика пошутила, что ей предложили руку и сердце
Количество просмотров: 13