• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Жети-Өгүздө 3 жаштагы бала ур-токмоктон чарчап калды

26 Бугу 2021 13:18 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунда 3 жаштагы бала ур-токмоктон каза болду. Маалыматты Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

Облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 15-майда болгон. Бөбөк ооруканага эстен танган абалда жеткирилип, чарчап калган. Текшерүү маалында денесинде кан уюган жерлер аныкталган. Баланы апасы кудачасына калтырып, Орусияга иштегени кеткен.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КЖБРне катталып, Жоруктар жөнүндө кодексинин 65 (Уруп-сабоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Окуянын жагдайларын аныктоо максатында тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Күбөлөрдү сурамжылоодо, баланы ооруканага алып келген 33жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3 жашар баласын таштап, өзү Россия Федерациясына иштегени кеткен. Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көк-ала тактар бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча бала жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алгандыгы белгилүү болгон. Аталган жыйынтык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138 беренесинин 3 бөлүгүнүн 1 пункту (Ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам этиятсыздыктан киши өлтүрүү) боюнча квалификациясы өзгөртүлгөн.

Аталган факты боюнча шектүү катары 33 жаштагы М.Г. райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Соттун чечими менен шектүү адамга 2 айга камака алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 729