• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Апрель окуясы: 12 жылдан кийинки баа (түз эфир)

5 Чын куран 2022 14:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм «Апрель революциясы: жетишкендиктер менен кемчиликтер»  аталышындагы тегерек стол өткөрүп жатат.

Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, коомдук ишмер, генерал Исмаил Исаков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчы Бектур Асанов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова катышууда.

Эске салсак, 2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. Бакиев бийликтен кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-апрелди 2010-жылдагы Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүнүн урматына дем алыш күн деп жарыялоо тууралуу мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кол койгон.

Количество просмотров: 118