Бүгүн, 1-июнда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Апрель революциясынын айрым катышуучулары Курманбек Бакиевдин кайрылуусу боюнча өз пикирин билдиришти.
«Айкөл—Ала Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Жылдызбек Исаков: «Ал кайрылуу жасап, Кыргызстандын элин кечиргенин айтыптыр. Баарыбыз анын иштери тууралуу билебиз. Аны кетиргенде канча эне баласыз, канча бала атасыз калды? Биз президент жана күч түзүмдөрүнөн мыйзам боюнча жооп бериши үчүн Бакиевди алып келүүнү суранабыз. Уурдагандарын элге кайтарып берсин», — деди.
«Аксы апрель акыйкат коом» коомдук бирикмесинин төрагасы Ихтияр Адылбековдун айтымында, Кыргызстандын эли анын кечиримине муктаж эмес. «Ал бизди кечире турган адам эмес», — деди ал.
Ал эми «Жаркын элес» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Эрлан Жусупов Бакиевге кайрылып: «Сизди Кыргызстанга киргизбейбиз. Эгер киргизсек, мыйзам алдында жооп беришиңиз керек. Мындай билдирүүгө унчукпай калбайбыз», — деди.
Маалымат жыйынга «Айкөл таза коом» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Усупбий Шеримбаев, Баялы Төрөбеков, «Аксы апрель акыйкат коом» бирикмесинин өкүлү Максат Момуналиев да катышты. Алардын айтымында, Бакиев Кыргызстанга сот алдында жооп берүү үчүн гана кайтып келе алат.