• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата сынак жарыяланды

20 Үчтүн айы 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Элдик Апрель Революциясынын 10 жылдыгына карата кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында видео ролик өндүрүү боюнча сынагы жарыялады.

Катышуучулардын категориясы:
Сынакка катышуу Кыргызстандын жарандары жана резиденттери үчүн ачык.
Талаптар:

  • роликтер кыска метраждуу болууга тийиш;
  • эки категория менен кабыл алынат:
    1) узактыгы 60 секунддан ашпоосу зарыл;
    2) узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу зарыл.
  • Сынакка катышуучу бир нече видео ролик жөнөтө алат, бирок бири- биринен өзгөчөлөнүп, айырмалануусу шарт.
  • роликтер санариптик маалымат жыйнагыч (USB, диск, флешка) аркылуу уюштуруу комиссиясына жөнөтүлөт;
  • Форматы – MP 4;
  • Мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу милдеттүү.

Интеллектуалдык менчик:
Сынактын катышуучулары жиберилген видео роликтерге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.
Сынактын баалоо критерийлери:

  • Мазмундуулугу жана конкурстун темасына ылайык келиши;
    -Жеткиликтүүлүгү: конкурстук материалдар жөнөкөй, максаттуу, аудитория үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл;
    -Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын өзгөчөлүгү, ошондой эле чагылдырууга болгон стандарттуу эмес мамиле болушу шарт.
  • коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол берилбей, улуттун тарбиялык, адеп-ахлактык, патриоттук баалуулуктарына басым жасоо мамилелери эске алынат.

Сынактын байгелери:
1 — орун (эки сыйлык), ар бири – 30 000 сом.
2 — орун (эки сыйлык), ар бири – 20 000 сом.
3 — орун (эки сыйлык), ар бири – 10 000 сом.

Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү:
Сынактык мезгил: 2020-жылдын 8- январынан 2020-жылдын 10 — мартына чейин.

Сынакка материалдар төмөндөгү дарекке жөнөтүлөт:

Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78,
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунда кабыл алынат.
Байланыш телефону: +996 312 661 947, 0771323979,
Электрондук дарек: [email protected]

Количество просмотров: 62