• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүй соту Кылычовду 10 жылга абакка кесүү өкүмүн күчүндө калтырды

25 Аяк оона 202415:42 Бишкек Govori.TV

25-сентябрда Чүй облустук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү тууралуу Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Бул чечимге каршы адвокат Жанат Гүлжигитов Чүй облустук сотуна кайрылган.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда.

Количество просмотров: 77