• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Апта ичинде 6 миң 737 жол эреже бузуу фактысы катталды

21 Бирдин айы 2023 13:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында 10нан 16-февралга чейинки аралыкта жол эрежесин одоно бузган 6 миң 737 учур катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен мас абалында рулга отурган 65 мас айдоочу кармалса, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 4 миң 207 айдоочуга карата протокол толтурулган.

Андан тышкары, автоунаанын терезелерин караңгылаткан 23 учур, тиешелүү документи жок унаа башкарган 72, жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузган 200 жана коопсуздук курун тагынбай койгон 1 миң 112 учур катталган. Ал эми ар кандай башка эреже бузуулардын саны — 738. Айып короосуна 614 автоунаа токтотулган.

Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырат.

Количество просмотров: 57